Пятница, 17 мая

Орусияда учак кулады

0

Орусияда Су-24 үлгүсүндөгү учак кулады. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги ишенимдүү булагына шилтеме берип, жазды.

Перм облусунун Верещагин районунун үстүнөн маневрларды аткарып жатып, Су-24 бомбалоочу учагы кыйроого учурады.

Учкучтар учак күйүп, кулай баштаганда парашют менен секирип кетүүгө үлгүргөн.

Учактын кыйроого учурашынын башкы себеби техникалык жабдуулардын биринин иштен чыгышы болгон.

Буга чейин аскердик учак абада кезектеги машыгуу-көнүгүүлөрүн аткарып жатканда кырсыкка учураганы айтылган. Орусиянын Коргоо министрлиги учак ремонтко баратканын билдирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз