Понедельник, 25 ноября

Хизбутчу имам эркиндике чыкты

0

Халифат курууга үндөп камалган Рашод Камалов эркиндикке чыкты.

Бул тууралуу маалымат интернеттеги бейрасмий диний баракчаларда жайыла баштады. Ал жакта анын унаада бараткан сүрөттөрү кошо жарыяланган.

2015-жылы Кара-Суу районундагы «Ас-Сарахсий» мечитинин мурдагы имамы Рашод Камаловду Ош облустук соту «диний кастыкты козуткан, кызмат абалынан пайдаланып, экстремисттик маанайдагы материалдарды тараткан» деп тапкан. Сот Ош облустук прокуратурасынын өтүнүчүн толук канааттандырып, Камаловду 10 жыл күчөтүлгөн режимде камоого өкүм чыгарган.

Кара-Суу райондук соту диниятчы Камаловду «диний кастыкты козутууга, экстремисттик материалдарды сактоого жана таратууга айыптуу» деп таап, беш жылга жатак абакка кескен эле. Мындай жазана аз деп эсептеген прокуратура Ош облустук сотуна Камоловго карата жазаны катаалдатууну өтүнүп кайрылган. Анткени айрым видеотасмаларда анын ачык эле халифат курууга чакырык салганын көрүүгө болот. Мындай чакырыктарынан кийинК ара-Суу шаарындагы «Ас-Сарахси» мечитинин мурдагы имамы, 37 жаштагы Рашод Камалов 2010-жылы 9-февралда кармалган. Ага каршы «экстремизмге чакырган», «халифат курууга аракет кылган» жана «Сирияга адамдарды жөнөткөн» деген айыптар тагылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз