Пятница, 17 мая

12 миң 900 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

0

Кыргызстан боюнча суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 12 миң 900 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 71 адам вакцинанын биринчи дозасын, 8 миң 829 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 680 миң 506 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 443 миң 964 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз