Воскресенье, 19 мая

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады

0

Бүгүн, 31-август эгемендиктин 30 жылдыгына арналган Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында салтанаттуу иш-чара өтүүдө. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргыз элин майрамы менен куттуктады.

Ал 2020-жылдагы оор экономикалык абал, пандемиянын кесепеттери, салык системасы тууралуу айтып өттү.

Сөзүнүн акырында мамлекет башчы: “Мен сиздерге ишенимдүү түрдө баса белгилеп айта кетейин, Кыргызстаныбыздын ар бир жаранын сапаттуу билим алууга, татыктуу жашоого алдыдагы беш жылдыкта сөзсүз жеткиребиз.

Бүгүнкү улуу тарыхый күнүңөр менен дагы бир жолу куттуктаймын!

Жергебизде ар дайым Манас урааны жаңырып турсун!

Жашасын, Эгемендүү Кыргызстан!”-деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз