Суббота, 18 мая

БШК шайлоодо үгүт жүргүзүү жараянына катышуучу ЖМКларды каттоону баштады

0

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүү жараянына катышуучу маалымат каражаттарын жана интернет-басылмаларды каттай баштады. Боршайкомдун маалымдашынча, аккредитациядан өтүүгө документтерди кабыл алуу 18-сентябрда аяктайт.

БШК парламенттик шайлоодо үгүт жүргүзүү жараянына аймактардагы маалымат каражаттарын жана интернет-басылмаларды жигердүү катышууга чакырды.

Маалыматта Боршайком шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык керектүү маалыматты берүүгө даяр экендигин билдирген.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаровдун 29-августта кол койгон жарлыгы боюнча, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жаңы конституциялык мыйзамдарга ылайык, парламент 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келе алат.

Шайлоого катышуучу партиялар бул тууралуу 3-сентябрь, саат 18:30га чейин БШКга маалымдашы керек.

Талапкерлерди каттоо 29-октябрда аяктайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз