Воскресенье, 5 мая

YTB Борбордук Азиянын жаштарын бириктирди

0

Түркиянын Чет өлкөдөгү түрктөр жана боордош элдер боюнча агенттиги (YTB) Борбордук Азиядан барган жаштарга атайын курс уюштурду. “Түрк дүйнөсүнүн жаш лидерлери“ деп аталган курска Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан жаштар катышты.

Курсту ийгиликтүү аяктаган жаштар Анкарада атайын уюштурулган иш-чарада сертификаттарын алышты. Сертификаттарды тапшыруу аземине жаштар менен катар Чет өлкөдөгү түрктөр жана боордош элдер боюнча агенттиктин жетекчиси Абдуллах Эрен, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Өзбекстандын элчисинин статс-катчысы Авазбек Хажымахметов сыяктуу дипломаттар жана коноктор катышты.

Жаштарга жана конокторго кайрылган Абдуллах Эрен, YTB тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгүнө карата көптөгөн иш-чара уюштурулганын, Түркиянын Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан менен алакасын мындан да жогорку деңгээлге чыгарууну максат кылганын баса белгиледи. Ал эми Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев болосо, жаштар үчүн учурдун талабына жооп берген окуу курстарын уюштургандыгы үчүн YTBнин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Түрк дүйнөсүнүн биримдигин сактоону көздөгөн YTB 2021-жылы “Жаштардын мектебин“ ачып Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандык жаштарга атайын курстарды уюштурган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз