Кыргызстан кечээ эгемендүүлүгүнүн 30-жылын майрамдады. Көптөгөн чет өлкөлүк лидерлер өздөрүнүн жана элинин атынан куттуктоо жиберди. Алардын арасында белгилүү кошуна президенттер, белгисиз, алыстагы королдор да бар. Алардын айрымдары булар:
Австралия кеңешинин генерал-губернатору Дэвид Херли;
Азербайжан (Ильхам Алиев);
АКШ (Жозеф Байден);
Армения (президент Армен Саркисян менен премьер-министр Никол Пашинян);
БАЭ (Халифа Бин Заед Аль Нахаян);
Беларусь (Александр Лукашенко);
Вьетнам (Нгуен Суан Фук);
Иран (Сейед Ибрагим Раиси);
Казакстан (Касым-Жомарт Токаев);
Камбоджа Королдугу (премьер-министр Хун Сен);
Катар (эмир Тамим бин Хамад Аль Тани);
Куба (Мигель Диас-Каннель Бермудес).
Кытай Эл Республикасы (Си Цзиньпин);
Марокко (король Мухаммед VI);
Молдова (Майя Санду);
Монголия (Ухнаагийн Хурэлсух);
Өзбекстан (Шавкат Мирзиёев);
Пакистан (Ариф Алви);
Россия (Владимир Путин);
Сауд Аравия (король Салман бин Абдулазиз Аль Сауд жана мураскор ханзаада Мухаммад бин Салман бин Абдульазиз Аль Сауд);
Сингапур (Халима Якоб);
Тажикстан (Эмомали Рахмон);
Таиланд Королдугу (премьер-министр Прают Чан-оча);
Түркия (Режеп Тайип Эрдоган);
Түркмөнстан (Гурбангулы Бердымухамедов);
Түштүк Корея (Мун Чжэ Ин);
Украина (Владимир Зеленский);
Шри-Ланка (Готабая Раджапакса);
Эстония (Керсти Кальюлайд);
Япония (император Нарухито).