Суббота, 18 мая

Ооганстандык жаштар Жапаровдон жардам сурап жатышат

0

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда окуп, андан соң Ооганстанга кайтып барган жаштар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Кайрылууда алар Кыргызстанда окуп кетишкенин, бирок Ооганстанда бийликке Талибан тобунун келиши менен өмүрлөрүнө коркунуч келип жатканын айтышып Кыргызстанга барып жашоого уруксат берүүнү суранышкан.

Мурдагы бийлик тушунда Ооганстанга кайтып барып ар түрдүү кызматтарда эмгектенген бул кишилер, Талибан аларды жазалашы мүмкүн деп эсептешет. Ооганстанда бийликке келген Талибан мурдагы бийлик менен кызматташкан же болбосо мамлекеттик кызматта ишетегендерди жазалап жатканы тууралуу айтылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз