Воскресенье, 19 мая

Түркиянын Анкара шаарында Айкөл Манастын айкели орнотулду

0

Түркиянын Анкара шаарынын Кечиөрен районуна Айкөл Манастын айкели орнотулду. Айкелди ачуу иш-чарасы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Айкелди орнотуу демилгесин Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев көтөрүп, жалпы эл колдоду.

Айкелдин өзү 6 метр. Жезден жасалган. Астындагы негизди кошкондо 10 метрден ашат.

Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен катар жергиликтүү муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок, акими Угур Булут жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн 30дан ашуун элчилер жана элчиликтердин өкүлдөрү, Анкарадагы мекемелердин өкүлдөрү, Түркиядагы мекендештер жана басма сөз мүчөлөрү катышты.

Эр Манас айкелинин ачылышында сөз сүйлөгөн Кечиөрен районунун мэри Тургут Алтынок: «Манас эпосу биз бала кезибизде окуган эпос. Манас эпосу тарых жана адабият китептерибизде окулган жана бул дүйнөдөгү эң узун эпос. Бир жагынан мамлекеттик башкаруу, экинчи жагынан адамдык башкаруу, адамдык баалуулуктарды сүрөттөө; Бул 840 -жылы түптөлө баштаган жана ушул күнгө чейин жеткен эпос, жолдо айтылгандардын канчалык туура жана чындык экендиги убакыттын өтүшү менен түшүнүлгөн дастан болуп саналат»,-деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз