Воскресенье, 19 мая

Садыр Жапаров Абу-Дабиге иш сапар менен барат

0

Садыр Жапаров Абу-Дабиге иш сапар менен барат. Бул тууралуу өлкө башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль Мазруи менен жолугушууда билдирди.

Кыргызстанга энергетика, айыл чарба, туризм жана инфраструктура чөйрөсүндөгү ири араб компаниялардын өкүлдөрүнөн турган делегация келди. Алардын арасында «DPWorld», «MASDAR», «ADQ», «Абу-Даби өнүктүрүү фонду», «Royal Group», «Earth Retai», «Fresh Harvest» сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров кыргыз тарап Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахаяндын Кыргызстанга келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын кошумчалады. Мындан сырткары, президент жакын арада Абу-Дабиге расмий сапар менен барууну пландап жатат.

Жапаров эки өлкө кызматташтыгын чыңдоо жана тереңдетүү максатында Кыргызстанда БАЭнин дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуунун маанисин белгилеген. Элчиликтин ачылышы Кыргызстандагы эмират бизнесин шыктандырып, анын ийгиликтүү иштешине шарт түзөрүн айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз