2021-жылдын сентябрынан тартып Кыргызстандын нефтетрейдерлери Орусиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан күйүүчү-майлоочу майларды ала баштайт. Анын экспорттук бажы алымы тоннасына 19,3 долларды түзөт. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер союзунан билдиришти.
«Беш жылдан бери Орусия тарап пошлинасыз берип жаткан күйүүчү майдын көлөмү өзгөрбөй келет. Ошол эле учурда биздин өлкөдө бензинге болгон суроо-талап жыл сайын өсүп келе жатат. Муну көчөдөгү транспорттун көбөйүшүнөн эле байкаса болот. Өкмөттөр аралык сүйлөшүүнүн негизинде Кыргызстанга деп бөлүнгөн көлөм август айында эле колдонулуп бүтүп калды», — деп айтылат билдирүүдө.
Нефтетрейдерлер союзу буга чейин Энергетика жана өнөр жай министрлигине мунай продуктуларынын көлөмүн көбөйтүү боюнча кайрылган.
Энергетика жана өнөр жай министрлиги ушундай суроо менен Орусиянын Энергетика министрлигине кайрылган. Бирок Орусия ички рыноктогу ресурстардын чектелгендигин жана экспортко чектөө киргизүү мүмкүндүгүн айтып, мунай продуктуларынын көлөмүн кайра кароодон баш тартты.
Бажы алымына байланыштуу бензин литрине 1,3-1,7 сомго кымбатташы мүмкүн.
Нефтетрейдерлер колдонулбаган нефть (50 миң тонна) менен дизель майынын (50 миң тонна) эсебинен бензин алып туруу боюнча маселени карап чыгууну сунуштоодо. Мындай болсо компаниялар дагы үч ай бою пошлинасыз бензин ала алышат.