Пятница, 3 мая

Эми Оштон Стамбулга түз учууга болот

0

Ошто «Стамбул — Ош — Стамбул» багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Эми түштүк борбордон Стамбулга түз учууга болот.

«Стамбул — Ош — Стамбул» багыты боюнча жаңы туруктуу каттам 2021-жылдын 1-октябрынан тартып ишке кирмекчи. Жүргүнчүлөрдү Pegasus авиакомпаниясы ташыйт. Каттам жумасына үч ирет: дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз