Воскресенье, 28 апреля

Зулушев Эрдогандын жанында. Башкы прокурор симпозиумга катышып келди (Фото)

0
Башкы прокурор К.Зулушев Түркия Республикасындагы эл аралык симпозиумга катышты. Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
2021-жылдын 1-2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т. Зулушевдин башчылыгындагы Башкы прокуратуранын делегациясы Түркия Республикасынын Жогорку кассациялык сотунун Төрагасы Мехмет Акаржанын чакыруусу менен Анкара шаарында Түркия Республикасынын Президенти Р.Т.Эрдогандын катышуусу менен уюштурулган Түркия Республикасынын Жогорку кассациялык сотунун жаңы имаратын расмий ачуу иш-чарасына катышышты.
Туркияга болгон иш-сапардын алкагында Башкы прокурор К.Т. Зулушев Түркия Республикасынын Жогорку кассациялык соту тарабынан уюштурулган эл аралык симпозиумда баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында болуп жаткан реформалар жана алдыга койгон максаттар тууралуу айтып берди.
Аталган жыйында Азербайджан, Албания, Болгария, Босния жана Герцеговина, Казахстан, Македония, Узбекистан, Катар жана башка мамлекеттердин Жогорку Сотторунун Төрагалары жана Башкы прокурорлору катышышты.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К. Зулушев Түркия Республикасынын Жогорку кассациялык сотунун Төрагасы М.Акаржа жана Башкы прокурору Б.Шахин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана кеңейтүүгө терең көңүл бурулуп, анын ичинде жазык сот өндүрүшү, прокурордук көзөмөлдү уюштуруу багыттарындагы алдыңкы иш тажрыйбалар менен алмашуунун негизги багыттары талкууланды.
Андан сырткары, Түркиянын Юстиция академиясынын окуу жайларынын базасында Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн кыска мөөнөттүү окуу курстарын жандандыруу боюнча маселелер көтөрүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз