Воскресенье, 19 мая

Лавров Ооганстан маселеси боюнча билдирүү жасады

0

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ооганстан маселесин тынчтык жолу менен чечүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп: «Талибан менен ооган тажиктеринин ортосунда сүйлөшүүлөр кайра башталат деп үмүттөнөм»,-деди.

Лавров борбор шаар Москвада актуалдуу маселелер боюнча билдирүү жасады.

Ооганстан маселесине баа берген Лавров, Ооганстандын Панджшер облусундагы тажик тектүү топтор менен талибдердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн токтотулганына көңүл бурду.

Лавров: «Ооган маселесин тынчтык жолу менен чечүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Ооганстандын түндүгүндөгү Панджшер өрөөнүндө акыркы аракеттин учкундары сүйлөшүүлөргө айланат деп үмүттөнөм. Бул сүйлөшүүлөр башталган болчу, андан кийин алар үзгүлтүккө учурап, кагылышуулар башталган. Талибан менен ооган тажиктеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталарына ишенем»,-деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз