Воскресенье, 12 мая

Суткада коронавирус дагы 154 адамдан табылды

0

Суткада коронавирус дагы 154 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 63, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 22, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 42, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусу — 7 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 135 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 5 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 918 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 35 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 347 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 396 киши айыгып чыкса, 2 миң 546 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз