Пятница, 20 сентября

Анкара Россия менен товар жүгүртүүнү $100 млрд.га чейин жеткирүүнү көздөөдө

0

Анкара Россия менен мамилелердин өнүгүшүнө канааттанууда.

Түркия менен Россия 2019-2020-жылдарга карата кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Түркия ТИМнин башчысы Мевлүт Чавушоглу россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен Антальяда биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында айтты.

«Анкара Түркия менен Россиянын мамилеси күн сайын өнүгүп жаткандыгына канаатанууда. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер баардык чөйрөлөрдө – экономикадан тартып, маданият чөйрөсүнө чейин жакшырууда. Тараптар маанилүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууда», — деди Чавушоглу.

Министр ошондой эле Түркия Россия менен товар жүгүртүүнү 100 миллиард долларга чейин жеткирүүнү көздөп жаткандыгын белгиледи.

«2018-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 14%га жогорулагандыгы биз көздөгөн максатыбызга жакындап бараткандыгыбызды тастыктап турат», — деди Чавушоглу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз