Пятница, 20 сентября

Бүгүн Түркияда муниципалдык шайлоолор өтүүдө

0

Өлкөнүн Жогорку шайлоо кеңешинин маалыматы боюнча, Түркияда 57 млн.дон ашык каттоодон өткөн шайлоочулар бар.

Бүгүн, 31-март, жекшемби күнү боло турган муниципиалдык шайлоолордо жарандар өздөрүнүн милдетин алдыдагы 5 жылда аткара турган муниципиалдык лидерлерди, шаарлардын мэрлерин, муниципиалитеттердин мүчөлөрүн жана кварталдык старосталарды  шайлашат.

Ушул учурда өлкөнүн баардык аймактарында шайлоолорго даярдык иштери бүткөрүлүп, шайлоо участкалары добуш берүүгө даяр.

Муниципиалдык шайлоолорго Адилеттик жана өнүгүү партиясы, Улуттук кыймыл партиясы, Элдик-республикалык партия, Көзкарандысыз Түркия партиясы,Улуу биримдик партиясы, Демократиялык партия, Демократиялык солчул партия, Элдин демократиясы партиясы,  İYİ партиясы,  Саадет   партиясы, Коммунисттик партия жана Атамекен партиялары катышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз