Вторник, 14 мая

Бишкекте атып өлтүрүлгөн айдоочунун иши боюнча 22 милиционер жоопко тартылды

0

Бишкекте атып өлтүрүлгөн айдоочу боюнча иштин алкагында укук коргоо органдарынын 22 кызматкери жоопко тартылды. Бул тууралуу ЖКнын транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында ИИМ жетекчисинин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымына караганда, министрлик кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Ал ошондой эле патрулдук милициянын төрт кызматкери жана жаранды өлтүрүүгө шектелип жаткан тартип сакчы УКМКнын тергөө абагында экенин эске салды.

Абдиев алардан башка дагы бир кызматкер ички иштер органдарынан кетирилгенин, 9 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулганын, дагы 12 милиционерге түрдүү дисциплинардык чара көрүлгөнүн кошумчалады.

27-август күнү Бишкекте Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткен жаранга табелдик куралдын огу тийип көз жумган. Милициянын маалыматына караганда, окуя саат 21.30дарда Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз