Понедельник, 13 мая

Жапонияда вируска чалдыккандардын саны көбөйүүдө

0

Жапон өкмөтү коронавирустун (Ковид-19) жаңы учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдын мөөнөтүн узартууну чечти.

Киодо агенттигинин өкмөттүк булактарга таянып берген кабарына караганда, Ковид-19га каршы киргизилген жана 12-сентябрда аякташы пландалган Өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү үч жумага узартылат.

Учурда Өзгөчө кырдаал Токио жана Осака метрополитандары менен бирге 21 аймакта ишке ашырылууда.

Улуттук басма сөздө 23-июлдан 8-августка чейинки Токио Олимпиадасы жана 24-августтан 5-сентябрга чейинки Паралимпиадалык оюндар баш калаа Токиодо вирусту жуктургандардын санын көбөйткөндүгү белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз