Пятница, 17 мая

БШК: Партиялардагы талапкерлердин саны 54төн ашпашы керек

0

Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт. Парламенттик шайлоодо партиядагы талапкерлердин тизмесине чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу маалымат жыйынында Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, бир партияда талапкерлердин саны 54төн ашпашы керек. “Мурда партиялардагы талапкерлердин саны 200 адамга чейин болчу. Алардын арасында шайлоо учурунда убактылуу ишмердүүлүгүн токтоткон кызматкерлер дагы бар болчу. Бул административдик ресурс колдонууга алып келген. Ошондуктан биз тизмеде депутат болууну каалагандар гана болушу керек деп эсептейбиз. Анткени, 200 талапкердин арасынан чындап депутат болууну каалагандар 30-40 эле адам, калгандарына кызматтар берилип келген”, — деди ал.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз