Вторник, 30 апреля

Садыр Жапаров «Ак шумкарларды» жеңиши менен куттуктады (видео)

0

Кечээ, 7-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо «Үч улут Кубогунун» алкагындагы Кыргыз өлкөсү Бангладеш курама командасы менен кез келип, 4:1 эсебинде жеңип алды.

Оюнду көрүү үчүн стадионго өлкө башчы Садыр Жапаров келип, оюндан кийин Кыргыз курамасынын футболчулары менен жолукту. Мындай видеону президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.

«Азаматсыңар жигиттер! Жакшы оюн көрсөттүңөр. Азыр жашсыңар, дагы көптөгөн жеңиштерге жеткиле», — деди Садыр Жапаров.

Өз кезегинде «Ак шумкарлар» Садыр Жапаровго топ белек кылып, чогуу сүрөткө түшүштү.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз