Четверг, 9 мая

Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти келди

0

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн Бишкек шаарында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмеси, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышат.

Сапар алкагында эки тараптуу жолугушуулар, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу жана «Маариф» мектебинин ачылышы пландалууда.

Түркия альтернатива катары “Маариф” фондунун мектептерин сунуштаган. Кыргызстанда былтыр октябрь айында бийлик алмашкан соң тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анкарага барып, анда «Маариф» мектептерин ачууга мүмкүнчүлүк берген макулдашууга кол коюлган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз