Пятница, 3 мая

Улукбек Марипов Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту

0

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөгө Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесине катышуу үчүн келген Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасы Түркия Республикасын стратегиялык өнөктөш катары карайт, бизди тилибиз, динибиз, бир туугандык жана достук мамилелерге негизделген байыркы тарыхый-маданий байланыштарыбыз бириктирип турат. Үстүбүздөгү жылы эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толот. Биз түрк тарапка бул мезгилде көрсөтүлгөн ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмеси ийгиликтүү өтөөрүнө жана биз жакшы натыйжаларга жетишээрибизге ишенем», – деди Улукбек Марипов.

Улукбек Марипов ошондой эле социалдык-гуманитардык тармактагы кызматташтыктын өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Ал Түркия Республикасынын өкмөтүнө коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепеттерин жоюуда көрсөтүлүп жаткан көмөгү жана жакын арада берилген 150 миң доза вакцинасы үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, Бишкек шаарында кыргыз-түрк ооруканасы иштеп жатат, ал боюнча келишим алкагында медициналык адистердин квалификациясын жогорулатууга колдоо көрсөтүлөт.

Өз кезегинде Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелердин ар кыл багыттарда ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча, анын ичинде медициналык багыттагы түрк университеттеринде кыргыз студенттерин окутууга квоталардын бөлүнүшү, Түркия Республикасынын ооруканаларында акысыз негизде 150 кыргызстандыкты дарылоо үчүн ар жылкы квоталарды берүүнү жаңыртуу, эки өлкө жарандарынын республикалардын аймагында жүрүү мөөнөтүн узартуу, ошондой эле эмгек ишмердүүлүгү үчүн уруксат берүүчү документтердин наркын паритеттик негизде төмөндөтүү маселеси боюнча пикир алмашуу болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз