Четверг, 2 мая

Кыргызстандын 74 миң жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынды

0

Кыргызстандын 74 миң жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирет. ТИМдин айтуусунда алардын көбүнө мындай чечимди сот чыгарган.

Орусиянын мыйзамдары боюнча, оор кылмыш жасап же олуттуу мыйзам бузуп “кара тизмеге” илинген чет өлкөлүктөргө Орусияга кирүүгө биротоло тыюу салынат. Административдик мыйзам бузгандардын көбү үч-беш жылга чейин өлкөгө кире албайт.

Тышкы иштер министрлиги “кара тизмеге” киргизилген Орусиядагы журтташтарга бул өлкөгө кирүүгө тыюу салуунун мөөнөтүнүн аякташын күтүү керектигин билдирди. Же соттун чечимине даттанууга негиздер болсо сотко кайрылууну сунуштады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз