Суббота, 18 мая

Активист Орозайым Нарматова бошотулду

0

Активист Орозайым Нарматова бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө Нарматова ИИМдин Тергөө кызматына көрсөтмө берүү үчүн алып келингени белгиленет.

“Азыркы тапта ачылган соттук өндүрүш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Орозайым Нарматова бул иште күбө катары өтүүдө. Тийиштүү тергөө иш-чаралары бүткөндөн кийин ал бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованы 10-сентябрда таң эрте Оштогу аэропорттон ИИМдин тергөө кызматы кармап кеткен.

27 жаштагы Орозайым Нарматова соцтармактагы аянтчалар аркылуу учурдагы бийликти катуу сындап келчү. Ал өткөн жылдагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстандын» алдыңкы ондугунда талапкер катары катышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз