Четверг, 9 мая

Кыргызстандын жарандарынын Түркияда визасыз жүрүүсү 180 күнгө чейин узартылышы мүмкүн

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынында Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен Кыргызстандын жарандарынын Түркияда визасыз жүрүү мөөнөтүн 180 күнгө чейин узартууну талкуулады. Бул тууралуу Марипов жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди.

Ошондой эле эки тарап Кыргызстан менен Түркиянын жарандары үчүн иштөөгө уруксаттын баасын паритеттик негизде арзандатууну да талкуулашканын билдирди.

«Саламаттык сактоо жаатындагы дагы бир маанилүү жетишкендик — түрк ооруканаларында жылына 150 кыргызстандык бейтаптын бекер дарылануусун тез калыбына келтирүү болду”, — деди ал.

Мындан тышкары, кеңейтилген жыйын учурунда Улукбек Марипов түркия тарап кыргыз тараптын 20 резидентти жана 15 студентти Түркиянын ЖОЖдорунда окутуу сунушун колдогонун билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз