Воскресенье, 19 мая

Бала бакчалар качан иштеп баштайт?

0

Мектепке чейинки билим берүү мекемелери мектептердей эле 15-сентябрда салттуу режимде иштей баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата бала бакчалардын кызматкерлеринин 82% коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Кыргызстанда жалпысынан 1648 мамлекеттик бала бакча бар. Алардын баары 2020-жылдын жазында коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган бойдон толук ачыла элек.

Эскерте кетсек, 15-сентябрда мектептерде окуу салттуу түрдө (офлайн) башталат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз