Соңку бир суткада коронавирус 82 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 40, Чүй облусунда – 19, Нарын облусунда – 5, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусу – 2 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 127 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 605 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 16 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 308 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 650 киши айыгып чыкса, 2 миң 576 адам каза болду.