Суббота, 18 мая

Алдыдагы шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны көбөйдү

0

Маалым болгондой, президенттин Жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрь күнү Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо өткөрүлөт. Шайлоодо 3 млн 686 миң 921 жаран добуш бере алат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 1 млн 766 миң 898и эркек, 1 млн 920 миң 23ү аялдар.

2021-жылдын 11-апрелиндеги Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумга жалпы добуш берүү менен салыштырганда, мында 80 миң 720 шайлоочу кошулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз