Суббота, 18 мая

Эртең Улукбек Марипов окуучуларга «Тынчтык сабагын» өтөт

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов  эртең, 15-сентябрда Чүй облусундагы мектептердин биринде окуучуларга сабак өтөт. Өкмөт башчы бул тууралуу маалыматты соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирген.

Марипов класстык саатты министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары жана мүчөлөрү дагы өтөрүн жазган.

«Мекендешибиз Ахрор Иминов белгилегендей, биринчи окуу күнү биздин балдардын эсинде сакталып калышы керек. Мектептерде салтка айланып калган «Тынчтык сабагы» деп аталган класстык сааттар өтөт. Бул күн мен Чүй облусундагы мектептердин бирине барып окуучуларга сабак өтүүнү пландап жатам. Мага да, балдарга да кызыктуу болот деп ойлойм», — деп жазган Марипов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз