Воскресенье, 19 мая

БУУ Афганистанга 1 миллиарддан ашуун жардам берет

0

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Афганистанга 1 миллиарддан ашуун АКШ доллары өлчөмүндөгү жардам берилери айтылды. Бул тууралуу Женевада өткөн конференцияда убадаланды.

БУУдан айтышкандай, Афганистан чоң гуманитардык кризистин алдында турат.

Конференцияда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш  өлкөдө жакырчылыктын деңгээли өсүп, мамлекеттик кызматтар кыйрайын деп калганын айтты.

“Кыш да жакындап калды, ушул айдын аягына чейин көп адамдардын азык-түлүгү түгөнүп калышы ыктымал”, — деп эскертти ал.

БУУ $606 млн чогулта турганын жана бул миллиондогон адамдар үчүн “жашоосун сактап кала турган жардам” болорун айтты.

БУУ жардам көрсөткөн кызматкерлерге тоскоолдуксуз иштөөгө Талибанды шарт түзүүгө чакырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз