Электр энергияга болгон тарифтин көтөрүлүшү октябрь айына пландалууда. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, тариф саясаты боюнча документ жаз айынан бери талкууланып келет. Учурда президенттик администрация менен Министрлер кабинетинин талкуусунда.
«Эгер документ күчүнө кирсе октябрдын соңунда же ноябрдын башында электр энергиясы, ысык суу жана жылуулукка жаңы эсеп кирет», — деди Айталиев.