Понедельник, 20 мая

Министрлик кыргызстандыктарды көмүр жана газ камдап алууга чакырды

0

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев кыргызстандыктарды көмүр менен газ камдап алууга чакырды. Анын айтымында, бул нерсе энергектиктерге элди электр энергиясы менен камсыздоого жардам берет.

Буга чейин маалымат жыйыны учурунда Айталиев өлкөдө суу тартыштыгы жаралганын, ал эми электр энергиясын колдонуу жыл сайын өсүп жатканын эскерткен.

«Электр энергиясы менен камсыздоо жана энергетикалык эффективдүүлүк маселесин караган министрдин орун басары катары жарандардан күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүүнү суранып кетким келет. Сөз жылуулук ресурстары жөнүндө дагы (көмүр, газ) болуп жатат», — деди министрдин орун басары.

Ал анткен менен газды кантип камдаш керектигин түшүндүргөн жок.

Айталиев Кыргызстанда башка мамлекеттерге салыштырмалуу жарыкка болгон тариф төмөн болгондуктан энергетикалык системага жүк келип жатканын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз