Четверг, 9 мая

Коронавирус жуктурган 82 жаңы учур катталды

0

Кыргызстанда суткада коронавирус 82 адамдан жаңы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 33, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусу – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 117 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 603 бейтап, амбулатордук түрдө 978 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 389 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 767 киши айыгып чыкса, 2 миң 578 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз