Воскресенье, 19 мая

Курсан Асановго “бийликти күч менен басып алуу” айыбы коюлду

0

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов былтыр октябрда орун алган массалык башаламандыкта “бийликти күч менен басып алууга” аракет кылган деп шектелүүдө.

Ага Жазык кодексинин 309-беренеси боюнча айыптар коюлуп, кармалганын анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова тастыктады.

Асановдун жактоочусу ал ИИМге “интернетте тарап жаткан фейк маалыматка” байланыштуу бүгүн күбө катары чакырылганын жана сурактан бир нече саат өткөндөн кийин кармалганын айтууда.

Буга чейин Курсан Асанов быйыл январда “октябрь окуяларында ИИМ имаратын басып алууга аракет кылган” деген шектөө менен кармалып, көп өтпөй үй камагына чыгарылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз