Пятница, 17 мая

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

0

Кыргыз-кытай чек арасы 19-сентябрдан 21-сентябрга чейин жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады.

Буга Кытайда «Күздүн орто чени» майрамынын белгилениши себеп болууда.

«Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» менен «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү бекеттери транспорт жана жүк алып өткөндөр үчүн убактылуу жабылат», — деп айтылат маалыматта.

22-сентябрдан баштап чек ара пунктулары жүк ташуучу автоунааларды Кытайдан Кыргызстанга кайрадан өткөрө баштайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз