Воскресенье, 19 мая

Пермдеги курмандыктардын арасында кыргызстандыктар жок

0

Пермдеги курмандыктардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Орусиянын Пермь аймагынын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматы боюнча, 2021-жылдын 20-сентябрында Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Эске сала кетсек, кечээ, 20-сентябрда Орусиянын Пермь мамлекеттик университетинде студент тарабынан ок атылып, сегиз адам каза болду. Кылмышкер университеттин корпустарынын бирине күндүзгү саат 11:00 чамаларында кирип барып, туш келди ок чыгарган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз