Воскресенье, 5 мая

Садыр Жапаров БУУнун жыйынында сөз сүйлөйт

0

Президент Садыр Жапаров бүгүн 21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 76-сессиясынын жалпы дебаттарындагы жогорку деңгээлдеги жумалыктын ачылышына видео байланыш аркылуу катышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Маалыматка карганда, Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеянын 76-сессиясынын алкагында дүйнөлүк коомчулуктун алдында видео-кайрылуу режиминде сүйлөйт.

Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нью-Йорктогу бир катар жыйындарга катышып, БУУнун жетекчилиги менен жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз