Воскресенье, 5 мая

Бишкекке Өзбекстандан парламенттик делегация келди

0

Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева расмий иш сапары менен Бишкекке келди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, парламенттик делегацияны Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары Аида Касымалиева жана Нурбек Сыдыгалиев, Өзбекстан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Мамасадык Бакиров тосуп алды.

Иш сапардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.
Мындан тышкары Танзила Нарбаева кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын форумуна катышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз