Суббота, 18 мая

Парламенттик шайлоону чагылдыруу үчүн чет элдик журналисттерди аккредитациялоо башталды

0

КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону чагылдырууга катышуу үчүн чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациялоо башталды.

Министрликтен билдиришкендей, шайлоону чагылдырууга катышууну каалаган чет элдик ЖМК өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменттинин press@mfa.gov.kg электрондук почтасына “Шайлоо 2021” деген белги менен төмөндө көрсөтүлгөн документтердин тизмесин жөнөтүүсү зарыл.

Тизме:

• Жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисинин кол тамгасы менен жалпыга маалымдоо каражатынын расмий бланкына жазылган кат (жөнөтүлүп жаткан кабарчылардын, техникалык кызматкерлердин аты-жөнү, аккредитациялоо мөөнөтү жана максаты);
• Көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаты жөнүндө маалымат;
• Толтурулган анкета формасы (форма).
• Паспорттун сканирленген көчүрмөсү;
• Электрондук түрдөгү 3*4 форматындагы сүрөт;
• Аталган документтердин топтомун 2021-жылдын 1-ноябрына чейин жөнөтүү зарыл.

“Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин алынган билдирмелер кабыл алынбайт. Билдирмени жөнөтүү автоматтык түрдө аккредитация алуу дегенди билдирбейт. Кайрылууну карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча министрлик тарабынан журналисттерди аккредитациялоо же болбосо аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат”, — деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан аккредитациялангандыгы жөнүндө тастыктоо алгандан кийин журналист аккредитацияланган болуп саналат жана жогоруда белгиленген иш-чараны чагылдырууга катышса болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз