Понедельник, 13 мая

Ыссы-Көл милициясы: “эки буттуу жырткыч — бул адам” (Видео)

0

Ысык-Көл облусунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери “Жаратылышты бирге коргойлу!” аттуу видеотасмасында Майкл Джексондун “Жер планетасы” аттуу ыры менен коштолгон видеоролик тартуулап, бардык жарандарды жаратылышты коргоо боюнча челленджге активдүү катышууга чакырат.

«Карышкыр — жырткыч жаныбар. Бирок, жаратылыш мыйзамдарынын ченеминде жашап, анын чегинен чыкпайт.

Эн коркунучтуусу арабыздагы эки буттуу жырткыч — бул адам. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн арча карагайларын аёосуз кырып, атадан калган мурасты талкалап жатышат.

Ата-бабадан калган эбегейсиз кооздукка ээ болгон мурасты, айлана-чөйрөнү көздүн карегиндей сактап, келечек муунга өткөрүп бере алабызбы? Жаратылышты бирге коргойлу!», — деп айтылат билдирүүдө.

Ыссык Кол

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз