Четверг, 2 мая

Түрк Кеңешинин министрлери Стамбулда жолукту

0

Стамбулда өтө турган Түрк кеңешинин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин (ТИМК) алдында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р. Казакбаевдин, Казакстан Республикасынын тышкы иштер министри М.Тлеубердинин, Өзбекстан Республиканын тышкы иштер министри А. Камиловдун, Түркия Республикасынын тышкы иштер министри М. Чавушоглунун жана ТТМККнын Башкы катчысы Б.Амреевдин бейформал жолугушуусу болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга ошондой эле химия боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, илимпоз биохимик Азиз Санжар цивилизациялык өнүгүүдөгү түрк дүйнөсүнүн ролуна илимий мамиле, медицинанын өнүгүү тармагындагы заманбап тенденциялары боюнча презентация жасады.

Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Стамбулда өтө турган Түрк кеңешинин юбилейлик саммитинин күн тартибиндеги маселелер, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, регионалдык шартта түрк кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз