Пятница, 17 мая

“Ата Мекен” менен «Реформага» «Туран» партиясы да кошулду

0

«Ата-Мекен» жана «Туран» саясий партиялары 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бирге барат. Мындай билдирүү «Ата Мекен» партиясынын фейсбук баракчасында 27-сентябрда жарыяланды.

«Катарыбыз улам кеңейип жатат. Бүгүн блокко оппозициялык “Туран” партиясы бирикти.
Буга чейин “Ата Мекен” жана «Реформа» партиялары түзгон «Эге Мен» демократиялык коалициясына «Туран» партиясы кошулуп, Меморандумга кол коюшту.Жакынкы максат – алдыдагы парламенттик шайлоого бирдиктүү күч болуп катышуу» — деп жазылган маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз