Четверг, 2 мая

Коронавирус дагы 58 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду

0

Өлкөдө коронавирус дагы 58 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 30, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 14, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 10, Ош облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 96 адам илдеттен сакайып чыккан.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 476 бейтап, амбулатордук түрдө 811 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 375 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 5 киши айыгып чыкса, 2 604 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз