Понедельник, 6 мая

Суткада 10 миң 316 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

0

Кыргызстанда сутка ичинде 10 миң 316 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 190 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 126 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 809 миң 163 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 603 миң 595 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз