Пятница, 17 мая

Кыргызстандык 2 тасма эл аралык фестивалга катышат

0

Марокконун Рабат шаарында өтө турган эл аралык кинофестивалга Кыргызстанда тартылган эки тасма катышат. Бул тууралуу “Кыргызфильм” киностудиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестивалга Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” жана Элдияр Мадакимдин “Сальвадор Дали” кыска метраждуу тасмасы катышат.

Белгилей кетсек, “Шамбала” Ч.Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасынын мотивинде “Айтыш фильм” киностудиясынын колдоосу менен Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы тарабынан тартылган.

Ал эми “Сальвадор Дали” кинокартинасы тоо арасында чоң энесинин колунда тарбияланган режиссердун бала чагын сүрөттөйт. Күн сайын кичинекей Орозбек мектепке жетүү үчүн алыскы аралыкты жана дарыядан өтүүсүнө туура келет. Анткени, дал ушул жерден ал өзүнүн эңсеген кыялына жакындай алат.

Иш-чара 21-30-октябрь аралыгында Марокконун Рабат шаарында өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз