Четверг, 9 мая

Швецияда Ковид-19га карата чектөөлөр жоюлду

0

Швеция өлкөдө Ковид-19  эпидемиясынын толугу менен көзөмөлгө алынгандыгын жана ушул себептен вируска каршы көрүлгөн бардык чаралардын жоюлгандыгын билдирди.

Швеция элдик саламаттыкты сактоо директорлугунан берилген маалыматта 2021-жыл  1-январдан тарта жумшартыла баштаган Ковид -19  чектөөлөрүнүн бүгүн акырына чыккандыгы билдирилди.

Жалпы өлкөдө 18 жаштан жогору курактагылардын 83, 6 пайызына биринчи доза вакцинанын берилгендиги, эки доза вакцина алгандардын катнашынын 76, 5 пайызга жеткендиги белгиленген маалыматта бүгүндөн тарта үчүнчү доза вакцинациянын баштатылгандыгы маалымдалд

Маалыматта эл аралык эрежелер жарактуу болгон аэропорт жана учактарда бет кап тагуу мажбурдуулугу менен ПЦР тести сыяктуу эрежелердин күчүндө экендиги билдирилди.

Швециянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта 2021- жыл 1- октябрдан тарта бардык өлкөлөргө саякатка тыюу салуулардын жоюлары жарыяланды.

Швециядан мурда 10-сентябрда Дания, 25-сентябрда Норвегия Ковид-19  чектөөлөрүн жойгон Европа өлкөлөрү болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз