Пятница, 17 мая

Ураинада президенттик шайлоонун экинчи туру жарыяланды

0

Экинчи турга Владимир Зеленский жана учурдагы президент Петр Порошенко өтүштү.

Украина Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Татьяна Слипачук өлкөдө президенттик шайлоонун экинчи туру өтөрүн жарыялады. Анын айтуусунда, Украина президенттигине атаандашкан талапкерлердин бири да биринчи турда зарыл болгон шайлоочулардын көпчүлүк добушун ала алган жок.

«Экинчи тур болот», — деди Слипачук.

БШК жетекчисинин айтуусунда, экинчи турга Владимир Зеленский жана учурдагы президент  Петр Порошенколор өтүштү. Шайлоочулардын добушун саноо процесси улантылууда, бирок жыйынтыгында кескин өзгөрүүлөр болбойт деп белгиледи Слипачук.

Украинадагы президенттик шайлоого 62,78% шайлоочулар катышты. Украина убактысы боюнча саат 12:30га карата 72,09% бюллетендер иштелип чыкты. Шайлоодо 30,44% добуш алган Владимир Зеленский алдыда келатат. Ал эми учурдагы президент Петр Порошенкону   16,15% украиналыктар колдоодо. Андан ары  шайлоочулардын 13,16% добушун алган Украинанын экс-премьер-министри  Юлия Тимошенко баратат.

Экинчи тур 21-апрелде болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз