Пятница, 17 мая

Дүйнө лидерлери Эрдоганды шайлоодогу жеңиши менен куттукташты

0

Түркияда 31-мартта  муниципалдык шайлоолор өттү.

Бир катар өлкөлөрдүн башчылары Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоганды башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын муниципалдык шайлоолордо жеңиши менен куттукташты.

Россиянын  президенти Владимир Путин дүйшөмбүдө телефон аркылуу түрк кесиптеши Реджеп Тайип Эрдоганды Түркиядагы башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АЖӨ) 31-мартта өткөн муниципалдык шайлоолордогу ийгилиги менен куттуктады. Бул тууралуу Түркиянын президенттик администрациясынан билдирди.

Ирандын президенти Хасан Рухани да түрк мамлекет башчысын Түркияда муниципалдык шайлоолорду ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктады. Бул тууралуу ИИР президентинин маалымат кызматынын билдирүүсүндө айтылат.

«Сизди жана Түркия эли менен өкмөтүн өлкөдө муниципалдык шайлоолорду ийгиликтүү өткөрүп алышыңыздар менен куттуктаймын. Шайлоолор элдин эркин билдирген жана демократиянын жогору турарын көрсөткөн каражат болуп саналат. Бир тууган жана дос Түркиянын элине ийгилик жана бакыт каалаймын», — деп айтылат ирандык лидердин куттуктоо катында.

Түркия президентинин администрациясынын маалыматына ылайык, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Палестинанын президенти Махмуд Аббас, Сербиянын  президенти Александр Вучич, Сербия Босния жана  Герцеговина Республикасынын президенти Милорад Додик, Босния жана Герцеговинанын Демократиялык аракеттеги партиясынын лидери Бакир Изетбегович, Албаниянын премьер-министри Эди Рама, Гвинеянын  президенти  Альфа Конде да куттукташкан.

Эрдоганды телефон аркылуу сүйлөшкөндө Косовонун президенти  Хашим Тачи жана Пакистандын  премьер-министри  Имран Хандар да куттукташкан.

Мындан тышкары түрк президентин Түркиянын Улуттук кыймыл партиясынын төрагасы Девлет Бахчели, мурдагы премьер-министрлер Месут Йылмаз жана Тансу Чиллерлер да куттукташкан.

Түркияда 31-мартта муниципалдык шайлоолор болду. Түркияда шайлоолочулардын саны  57 миллиондон ашып, алар 194715 шайлоо участкаларында добуш беришти. Шайлоолорго 12 саясый партиялардын талапкерлери, ошондой эле көзкарандысыз талапкерлер да катышышты. Шайлоого өз талапкерлерин башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясы, Улуу биримдик партиясы, Республикалык элдик партия, Демократиялык партия, Демократиялык солчул партия, Элдердин демократиялык партиясы, İYİ Parti, Улуттук кыймыл партиясы,  Saadet партиясы, Түркия көзкарандысыз партиясы, Коммунистик партия жана “Ата мекен” партиялары өз талапкерлерин көрсөтүшкөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз