Пятница, 17 мая

Кыргызстан паспорт берүүдөгү санариптештирүү жолуна түшө албай жатат

0

Ушул жылдын 12-мартынан тарта, паспорттор жаңы баа менен сатыла баштады.

Тиешелүү буйрукту Монпополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги чыгарган. Ага ылайык, өлкө ичиндеги колдонуучу ID кард 30 сом, ал эми жарандык паспорт 60 сомго арзандады. Аны менен катар санариптештирүү аракетинде электрондук кезекке туруу иши да жанданды. Бирок калкты тейлөө борборлорунда кезек күтүү көрүнүшү дагы эле калууда. Жашоочулар кызматкерлердин корс мамилесине да нааразы.

Өкмөттүн атайын токтомуна ылайык, ушул жылдын 1-июлунан тарта 16 жашка толо элек баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө жарандыгы бар экендигин ырастоочу кошумча баракты берүү токтотулат. Анын ордуна 16 жашка толо элек балдарга жалпы жарандык паспорту берилет. Ал эми азыр Оштогу калкты тейлөө борборунда иш тартиби электрондук системада жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, кезек күткөндөр көп. Бир күндө миңден ашуу жарандар ушул жерден жарандык пасорт же башка маселелери боюнча кайрылышат. Мындагылардын арасында 5 күндөн бери кезек күткөндөр да бар.

Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери белгилегендей, электрондук системада паспортторду ыкчам алууда шарт түзүлгөнү, болгону жарандар иш кагаздарын өздөрү алып келишпейт. Ыкчам кызмат көрсөтүү жолго коюлуп, паспорт алуу мөөнөтү 1 күндө ишке ашат дейт Ош шаардык калкты тейлөө борборунун жетекчиси Алмаз.

Жарандык паспорт алууга тарифтер арзандатылып, электрондук кезекти ыкчам паспорт алуу жолго түшө баштагандыгы менен калкты тейлөө борборунда жарандар кезек күтүүлөрдөн арыла алган жок. Бул маселени чечүү максатында калкты тейлөө борборуна кошумча кеңсе ачылаары маалым болду.

 

Паспортторду алуу баалары:

ID-карталарды кадимки мөөнөттө алуу баалары:

алмаштыруу – 260 сом;

паспортту биринчи жолу алып жаткандарга – 260 сом;

жоготуп же бузуп алсаңыз – 260 сом,

аты-жөнүн өзгөртүү – 290 сом;

этникалык кыргыздарга – 260 сом.

 

Паспортту ушул эле жагдайларда, бирок тез арада алуу үчүн баалар:

 

8 күндө – 1030-1060 сом;

4 күндө 1340 -1370 сом;

2 күндө – 1630-1660 сом;

3 саатта – 4270-4300 сом.

 

Жалпы жарандык паспорт үчүн баалар:

алмаштыруу – 530 сом;

биринчи жолу алып жаткандарга – 530 сом;

жоготуп же бузуп алгандарга – 730 сом;

аты-жөнүн өзгөртүү – 630 сом;

этникалык кыргыздарга – 530 сом.

 

Жалпы жарандык паспортту ушул эле жагдайларда, бирок тез арада алуу үчүн баалар:

8 күндө – 1970-2170 сом;

4 күндө – 2250-2450 сом;

2 күндө – 2580-2780 сом;

3 саатта – 6190-6390 сом.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз